Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАраван району 20.10.2015 16:25

Аравандын Кичи-Алай айылында кулап калган көпүрөнүн курулушу башталды

Turmush -  Аравандын Кичи-Алай айылындагы кулап калган көпүрөнүн ордуна убактылуу көпүрө курулуп, оор жүк ташуучу унаалар үчүн жаңы көпүрө салынууда.

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Гүлжигитов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, айылдагы жергиликтүүлөр каттаган 4 көпүрө жаңыланууда.

«Жаңы-Алай айылында жалпы 4 көпүрө бар. Ал көпүрөлөр оор жүк ташууга ылайыкташып салынбагандыгынан улам эми жаңыланууда. Айылдагы көпүрөлөр оңдоп-түзөөдөн өткөрүлсө көпүрө маселеси чечилет эле», - деди С.Гүлжигитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×