Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 16:52

Ош шаарында социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Ош шаарында кечээ, 19-октябрда Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди. Иш-чарага вице-мэр Ильичбек Эргешов, шаардагы социалдык коргоо кызматкерлери катышты, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

И.Эргешов социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин эмгеги түйшүктүү жана сыймыктуу экенин белгиледи. «Сиздер ар дайым жардамга, мээримге муктаж адамдарга күн сайын кам көрүп, адамгерчиликти, боорукерликти туу тутуп эмгектенип келесиздер. Жылуу мамилеңиздерге көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаңдар, майыптар, жетим балдар абдан муктаж. Ар дайым ушул эмгегиңиздерден жазбай, эл үчүн кызмат кыла бериңиздер», - деди вице-мэр.

Иш-чаранын алкагында шаардын калкын социалдык жактан сапаттуу тейлөөгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйыктары менен бир нече кызматкерлер сыйланышты.

Ошондой эле, И.Эргешов калкты социалдык жактан коргоо тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ош шаардык кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×