Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 17:01

Ош шаардык прокуратурасы сатылган жер боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартты

Turmush -  Ош шаарында 30 гектар жерди мэрия кызматкерлери менен архитектура кызматкерлери 310 миң сомго мыйзамсыз сатып жибергени боюнча Ош шаардык прокуратурасы маалымат берүүдөн баш тартты.

Шаардык прокуратура жер кайсыл мэрдин тушунда сатылып, кайсыл ректордун аялына өтүп кеткенин так айткан жок.

Эске салсак, Башкы прокуратура Ош шаарынын Жапалак аймактык кеңешинде 30 гектар жер 310 миң сомго мэриянын жооптуу кызматкерлери архитектура жана Жапалак аймактык кеңешинин өкүлдөрү биргеликте сатып жибергени боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Сатылып кеткен жер жалпы 154 участок болуп, ага ФАП, дарыкана, мектеп, бала бакча жана башка социалдык жайлар курулмак.

Буга чейин маалымдалгандай, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен архитекторлор 30 гектар жерди сатып жибергени аныкталган.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери менен Жапалак айылынын жетекчилиги жана Ош шаарынын архитектура башкармалыгы Жапалактагы 30 гектар жерди 310 миң сомго баалап саткан.

Маалыматта айтылгандай, бийлик органдарынын жардамы менен жер тилкеси Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин ректорунун аялынын наамына өтүп кеткен.

Учурда бул иш боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×