Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 18:05

Ош шаарындагы 30 гектар жер 2006-жылы сатылып, ректордун аялына катталганы аныкталды, - мэрия

Turmush -  Ош шаарындагы 30 гектар аянттагы жер 2006-жылы мыйзамсыз сатылганы аныкталды. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлангандай, Ош шаарынын Жапалак аймагындагы 30 гектар жерди 2006-жылы ОшМУнун мурунку ректору М.О. сатып алып, жубайынын наамына каттаткан.

Бул маселени Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тактап чыккан.

«Ош шаарынын Жапалак айыл аймактык башкармалыгынын Ноокат жолунда жайгашкан 30 гектар кайрак айдоо жер тилкесин Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык кенешинин 3-чакырылыштагы депуттарынын 2006-жылдын 27-июнундагы X кезексиз сессиясындагы №3 токтому менен «Айыл чарба багытындагы жерлер» даражасынан «Калктуу конуштун жерлери» даражасына которуу кабыл алынган. Ош шаарынын мэриясы менен Өкмөттөн аталган токтомду бекитип берүү жагы суралган.

Ош шаарынын мэриясы тарабынан 2006-жылдын 9-октябрында №1702 токтому, ал эми КРнын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы №905 токтому менен аталган жер тилкеси Жапалак айыл кеңешинин калктуу конуштарын кеңейтүү үчүн АКФнын жерлеринен 30 гектар кайрак айдоо жерин берүү сунушу кабыл алынып, категориясы которулган. Бирок белгисиз жагдайлар менен жогорудагы токтомдун 3-пунктунун белгиленген талаптары аткарылган эмес.

Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-февралындагы Жапалак айыл өкмөтүнүн жер участогуна ээлик кылуу укуктарын сатуу жөнүндө атайын түзүлгөн комиссиянын жалпы чогулушундагы өткөргөн аукциондун негизинде №1 протокол түзүлүп, аукциондун жеңүүчүсү деп Бактыгул Нуруева бекитилген. Ошол эле жылдын 27-февралында Жапалак аймактык башкармалыгынын башчысы М.Маматеминов менен Б.Нуруеванын ортосунда 30 гектар жер участогун сатып алуу-сатуу жөнүндөгү №1 келишим түзүлгөн.

2013-жылдын 2-декабрында Б.Нуруеванын ишенимдүү адамы М.Орозбеков менен Жумагул Анаркулованын ортосунда 30 га жер участогун сатып алуу жана сатуу келишими түзүлүп, 2013-жылдын 3-декабрында Мамлекеттик каттоо кызматынан каттоодон өткөн», - деп айтылат Ош шаардык мэриянын билдирүүсүндө.

2005-2009-жылдары Ош шаарынын мэри болуп Жумадыл Исаков эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×