Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 18:25

АКИpress-Ошто 21-октябрдагы маалымат жыйын: «Бизнес жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары» тууралуу

Turmush -  Эртең, 21-октябрда саат 10:30да АКИpress-Ошто «Бизнес жүргүзүүнүн жаңы ыкмалары» тууралуу маалымат жыйын өтөт.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө:

- Бизнес жүргүзүүнүн жаңы талаптарын белгилөө;
- Патенттердин жаңы түрлөрү тууралуу маалымат берүү;
- Соцфондго болгон жаңы төлөмдөрдүн өзгөрүлүшү;
- Банктардын юридикалык жана жеке жактардын төлөмдөрүн кабыл алуусу;
- Бизнес тармактардын жаңы мыйзамдарга болгон ыңгайлуу жана ыңгайсыз жактарына комметарийлерди берүү;
- Фермерлерге социалдык төлөмдөрдүн жана тарифтердин өзгөрүлүшү тууралуу маалымат берүү;
- Фермерлерге патенттерди төлөөнүн жаңы ыкмалары тууралуу маалымат берүү жана башка жаңылыктарды жарыялоо каралат.

Маалымат жыйынга каржы тармагынын, жер-азык ассоциациясынын өкүлдөрү жана адистер катышып, суроолорго жооп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×