Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАраван району 20.10.2015 18:43

Аравандан 150 чакырым алыстыктагы кичи-алайлыктар бала бакчага муктаж

Turmush -  Аравандан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Кичи-Алай айылындагы тургундар бала бакчага муктаж. Керме-Тоо айыл аймагынын башчысы Сүйүн Гүлжигитовдун айтымында, 120 кожолук жашаган Кичи-Алай айылында бала бакча жоктугунан улам 40тан ашуун бала мектепке чейинки билим албайт.

«Кичи-Алай айылы райондун борборунан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолуу айыл болуп эсептелет. Айылда миңден ашык жашоочу бар», - деди С.Гүлжигитов.

Кичи-Алай айылында эки мектеп окуучуларга билим берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×