Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2015 19:00

Ош шаарындагы №14 мектепте Курманжан датканын өмүр баяны ката жазылган такта 3-4 жылдан бери илинип турат, - ата-энелер (фото)

Turmush -  Ош шаарындагы №14 мектептин имаратынын ичиндеги дубалда Курманжан датканын өмүр баяны туура эмес жазылган, дешет нааразы болгон ата-энелер.

К.Алтыбаев атындагы орто мектептин окуучусунун атасынын айтымында, туура эмес жазуу 3-4 жылдан бери илинип турат.

«Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү болгон Курманжан Датка 1811-жылы Гүлчөдө туулган деген жазуулар мектептин ичинде 3-4 жылдан бери илинип турат. Акыркы убактарда Курманжан датканын мааракесине карата жергебизде мамлекеттик деңгээлде көптөгөн иш-чаралар өтүп, анда датканын Ош шаарынын Орке айылында туулгандыгы тууралуу көп эле айтылып жүрөт. Бирок, эмнегедир, Ош шаарында жайгашкан бул орто мектептин мугалимдери, жетекчилиги датканын туулган жерин туура эмес жазып илип койгон.

Биз билгендей, мектептин директору тарыхчы. Ошондой эле анын эки орун басары да тарыхчы мугалимдер. Ушул убакытка чейин өздөрү билип оңдойбу десек, 3-4 жылдан бери ага көңүл бурган мугалим жок», - деди окуучунун атасы Адыл.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов бул жазууну текшерүүгө ала турганын билдирди.

IMG-20151016-WA0092

IMG-20151016-WA0091

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×