Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2015 12:25

Кара-Суудагы Таштак айылында 940 миң сом менен таза суу көйгөйү чечилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-октябрда Кара-Суудагы Шарк айыл өкмөтүнүн Таштак айылына таза суу берилди, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалыматка ылайык, учурда бул айылда 700 адам жашайт. Буга чейин аймактын жашоочулары таза сууну бир нече чакырым алыс аймактан ташып келип колдонушчу.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, айылга таза суу чыгарууга «Эл аралык толеранттуулук» фонду тарабынан 306 миң 568 сом, айыл өкмөт тарабынан 485 миң сом бөлүндү. Ошондой эле айылдын тургундары 150 миң сом чогултту. Жалпысынан 941 миң сом табылып, таза суу чыгаруу иштери ушул жылдын июль айында башталган.

Бүгүнкү иш-чарага айылдын тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Толеранттуулук үчүн» фондунун өкүлдөрү катышты.

IMG-20151021-WA0041

IMG-20151021-WA0042

IMG-20151021-WA0040

IMG-20151021-WA0038

IMG-20151021-WA0037

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×