Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2015 12:56

Мыйзамдагы өзгөртүүдөн кийин ишкерлерден талап кылынган патенттин, салыктын көлөмү

Turmush -  Ош облусундагы ишкерлер кирешесине жараша патентти жогорулатылган өлчөмдө төлөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда АКИpress-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаардык соцфонддун кызматкери Нуркамил Орунбаев билдирди. Анын айтымында, жер салыгы да пайдаланылган жердин аянтына жараша төлөнүүдө.

«Жеке ишкерлердин социалдык төлөмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзамга өзгөртүү киргенге чейин ишкерлер потенттин 20%ын төлөп келишкен болсо, азыр аймактардагы айлыктын орточо эсеби менен салык төлөп калышты. Мисалы, учурда жеке ишкерлер милдеттүү түрдө орточо айлыктын 10%ын төлөйт. Базарларда иштеген жарандар орточо айлыктын 4%ын төлөшөт. Жер салыгына, социалдык төлөмдөргө да өзгөртүүлөр киргизилип, ай сайын үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө салык төлөнүп калды», - деди Н.Орунбаев. 

42

Ош шаарында ушул жылдын 1-январынан тартып, июль айына чейин орточо айлык 9 миң 417 сом болду. Ушул айлык акынын 0,5%ы же жер акысы үчүн үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн 47 сомдон салык төлөнөт, деп кошумчалады ал.

«Жер азык» ассоциациясынын өкүлү Азиза Юлдашеванын айтымында, социалдык салыктарды банк аркылуу төлөөгө да жол ачылды.

«Мурда мамлекеттик салыктар мамлекеттик банктарда төлөнүп келген. Азыр жеке терминалдар аркылуу да төлөм кабыл алынат», - деди А.Юлдашева.

Ал эми, фермер Исламбек Бориевдин пикиринде, салык боюнча коомчулукка толук, туура маалымат жетпей жатат.

«Салыктардын жогорулатылганы боюнча маалыматтар элге толук жеткирилген эмес. Ошондон улам жеке ишкерлер ар кандай суроолор менен кайрылып жатат. Салык эмненин негизинде жогорулаганы боюнча так маалымат беришибиз керек. Эгер туура маалыматтар берилсе жаңыдан иш баштап жаткан ишкерлерге жакшы шарттар жаралат», - деди И.Бориев.

41

Ошондой эле, маалымат жыйындын жүрүшүндө айтылгандай, Кыргыз Республикасы жарандарына салыктын көлөмүнө жараша пенсия төлөп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×