Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2015 14:19

Ош шаарын жылуулук менен камсыздоо иштери 100%га аткарылды, - мэрия

Turmush -  Ош шаарындагы жулуулук менен камсыздоо тармагы кышка карата толугу менен даяр. Шаардын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулунун жетекчилиги менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү штабынын отуруму кечээ, 20-октябрда болуп өттү.

Ага шаардын коммуналдык кызматынын жана мекемелердин, социалдык тармактардын жетекчилери, аймактык кеңештердин төрагалары катышты, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө атылгандай, Ош шаардык ЖЭЦ менен «Жылуулук» ишканасы кышка карата 100%га даяр.

Ошондой эле Ош шаарындагы социалдык объектилердеги жылуулук тармактарын даярдоо иштери аяктаган. Эгерде абанын температурасы +8 градустан төмөндөсө турак үйлөр менен социалдык объектилерге жылуулук берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×