Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 21.10.2015 14:23

Алайда мектеп тамак-ашын киргизүү саясатын алдыга жылдыруунун жолдору каралды (фото)

Turmush -  Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей-интернатында «Жергиликтүү деңгээлде мектеп тамак-ашын киргизүү саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты мобилизациялоо» деген темада тренинг өтүлдү.

Ага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Мамыт Бекташов, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков жана бул маселеге тиешеси бар айыл өкмөт башчылары, БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен иштешип жаткан мектептердин директорлору катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тренингдин максаты — жакшыртылган мектеп тамактануусу боюнча коомчулукка кеңири маалымат берүү жана уюштурууга жигердүү катышууну демилгелөө болду.

Тренингди «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун бул багытта иштеп жаткан долбоорунун координатору Роза Кайыкова, аталган коомдук фонддун эксперти, «Жайлоо бала бакчасы» долбоорунун координатору Асылбек Жооданбеков жана БУУнун дүйнөлүу азык-түлүк программасынын алкагындагы «КРдагы мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу» долбоорунун өкүлү Марат Ураимов өткөрдү.

IMG_3431

IMG_3430

IMG_3429

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×