Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 21.10.2015 14:33

Алай жана Чоң-Алай райондорунун жумуртка өндүрүүчүлөрү кирешени жогорулатуу тууралуу кеңештерди алды (фото)

Turmush -  Алай районунда «Алай жана Чоң-Алай райондорунун жумуртка өндүрүүчүлөрүнүн кирешесин жогорулатуучу кооперациянын механизмдери» талкууланды.

Ага аталган райондордун тоок жумурткасын өндүрүүчүлөрү, ТЕS борбордун, эки райондун айыл чарба департаменттеринин жана айыл өкмөт башчыларынын өкүлдөрү катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тегерек стол Алай жана Чоң-Алайдагы киреше алып келүүчү чакан бизнести өнүктүрүү «Бай Алай» программасы тарабынан уюштурулду. Аталган программа Швейцария өкмөтү тарабынан түзүлүп, карыжланууда.

Тегерек столду аталган программанын мал чарбачылыгы боюнча бизнес-фасилитатору Максат Койчуманов ачты. Ал «Бай-Алай» программасынын алкагында тоок секторунун келечекте аткарылуучу иш аракеттери тууралуу жана Ош шаарынан тооктун тоютун чогуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Андан кийин жумуртка өндүрүү боюнча жергиликтүү кеңешчи Алайбек Алымкуловдун презентациясы болду.

Тегерек столдогу талкуунун жүрүшүндө аталган райондордун жумуртка өндүрүүчүлөрүнүн логотивинин структурасы жана формасы иштелип чыкты.

Ошондой эле жумуртка салуучу контейнердин жасалгалары тууралуу да талкуунун модератору Максатбек Койчуманов тегерек столдун катышуучулары менен пикир бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×