Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 21.10.2015 15:22

Кара-Суу райадминистрациясы Мугалимдер күнүн белгилеп, алдыңкыларын сыйлайт

Turmush -  Кара-Суу районунда 24-октябрда Мугалимдер күнү белгиленет. Аким Тилекбек Матраимовдун айтымында, бул иш-чара Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоого байланыштуу жылдырылган.

«Бул жылы Мугалимдер күнү 24-октябрда белгиленет. Учурда керектүү даярдыктар көрүлдү. Район боюнча 350-400 мугалимге чакыруу барактары тапшырылган. Чакырылган мугалимдер үчүн райадминистрация концерттик программалардын коштоосунда майрамдык иш-чара өткөрөт. Алдыңкы жана көп жыл эмгектенген мугалимдерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылат», - деди Т.Матраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×