Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2015 16:39

Ош шаарында өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди дүңүнөн сатуу мезгили башталды (фото)

Turmush -  Ош шаарында өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди дүңүнөн сатуу мезгили башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жеке таксинин айдоочусу Алмаз Камировдун айтымында, ал күн сайын шаардын борбордук бөлүгүндөгү бир нече райондорду аралап өтүп, жолдордун жээгинде, кесилиштеринде жашылча-жемиштерди мүшөктөп дүңүнөн сатып жаткан дыйкандарды көрөт.

«Мындай дүңүнөн сатуу бардыгы үчүн пайдалуу. Мисалы кышка даярдык көрүп жаткан шаар тургундары ортомчуларсыз эле дароо дыйкандардын өз колунан арзаныраак сатып алат. Ошондой эле ортомчулар да дыйкандардан арзан сатып алып, кайра базарга алып чыгып сатып, пайда көрүшөт. Мисалы дыйкандардан 1 кг картошканы 10-12 сомго сатып алып, кайра аны базарда 15 сомдон сатат», - деп билдирди А.Камиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×