Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.10.2015 18:33

Өзгөндө бир айлыктын алкагында карыяларга ар тараптуу жардам көрсөтүү уланууда

Turmush -  Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүндө октябрь айы «Улгайган жарандарды ар тараптан колдоо айы» деп жарыяланып, карыяларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн социалдык адиси Гүлнара Кермечикова Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Мырзаке айыл өкмөтүндө октябрь айы «Улгайган жарандарды ар тараптан колдоо айы» деп жарыяланган.Ошондуктан бул айда 90 жаштан уулу курактагы жардамга муктаж карыяларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүп жатат. Учурда айыл өкмөт боюнча кароосуз калган 12 карыя бар. Аларга акысыз медициналык жардамдар көрсөтүлүп, мектеп окуучуларынан түзүлгөн топтор карыялардын үйүндөгү жумуштарын аткарышат.

Андан тышкары жергиликтүү бюджет менен жеке ишкерлер тарабынан ар кандай финансылык жардамдар көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле «Үй-бүлө тынчтыгы» майрамына карата 60 жыл бирге жашаган үй-бүлөлөргө да финансылык жардамдар көрсөтүлдү. Жалпысынан 48 үй-бүлөгө 500 кг көмүр берилди. Ошондой эле 48 карыяга 10 миң сом акча каражат бөлүндү», - деди Г.Кермечикова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×