Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусу, Ош 26.11.2015 16:51

Видео, фото - Кыргызстандык 6 миллионунчу жарандын чоң үй-бүлөсү

Turmush -  Ош шаардык төрөт үйүндө Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранын жарыкка алып келген 39 жаштагы Рахат Белекова жана атасы Алмаз Кожошев менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Кечээ, 25-ноябрда саат 18:12де жарыкка келген кыз аскер кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндөгү 6-бала болду. Алар эми 3 уул, 3 кыздын ата-энеси.

Кыргызстандын элин алты миллиончу болуп толуктаган перзенттин атасы — Оштогу №703 аскер бөлүктүн командири, полковник Алмаз Кожошев.

Кожошев

«Мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Мен 6 миллионунчу кыргызстандык төрөлүшүн буга чейин уккан эмесмин. Келинчегим төрөт үйүнө төрөгөнү өзү барды. Ошол күнү кесиптештерим алты миллионунчу Кыргызстандык төрөлөт экен деп айтышты. Алты миллиончу болуп төрөлгөн кызым менин алтынчы перзентим.

Улуу кызым Бишкекте Улуттук университеттин Лингвистика факультетинде студент. Эки уулум мектепте окуйт. 3,5 жаштагы уулум менен 2,5 жаштагы кызым да бар. Мен көп перзенттин атасы болгон үчүн бактылуумун», - деди Алмаз Кожошев.

Рахат Бакаева кечээ эртең менен толгоосу башталып, төрөт үйүнө жеткирилген. Анын кызы 6 миллионунчу болуп калаарын ойлогон эмес. Бул жаңылыкты ага бүгүн саат 11:00 чамасында айтышкан.

6

«Кыргызстандын 6 миллиончу жараны тууралуу аялдар менен сүйлөшүп жатканбыз, бирок биз болобуз деп ойлогон эмеспиз», - деди үй кожейкеси.

11

Учурда ата-эне кызына ысым тандай элек. Анын туугандары Аелин деген ысымды тандап жатканын кошумчалады. 

Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранына ысымды президент Алмазбек Атамбаев ыйгара тургандыгы маалымдалган.

Ошондой эле, Кыргызстандын алтынчы миллионду жаранынын бир тууган эжеси Асел Кожошева АКИpress агенттигине берген маегинде кичүү сиңдисинин төрөлүшүнө байланышкан сезимдерин айтып берди.

Асел «Менин жүрөгүм катуу согуп жатат. Мен бактылуумун. Апам аман-эсен төрөгөнүнө кубанып жатам. Мен бир аз мурда окуумдан уруксат сурап ата-энеме Ошко 10 күнгө барып келгем. Апам дарыгерлер белгилеген мөөнөттөн бир жумадан кийин төрөдү», - деди ал.

«Мен Бишкекте эжем менен жашайм. Менин үй-бүлөмдүн баары Ошто. Анткени атам аскер кызматкери жана аны жумушу боюнча ошол жакка которушкан», - деди А.Кожошева.

А.Кожошевадан кийинки инилери Алымбек 12 жашта, Бектур — 11, Айдар — 3 жана сиңдиси Сезим 2 жашта.

                       Алымбек, Айдар, Сезим

Алымбек, Айдар, Сезим

Асел, Айдар

Асел, Айдар

Бектур 

Бектур

Айдар, Сезим

Айдар Сезим

Сезим

Сезим

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×