Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ош облусу, Ош 28.11.2015 10:45

Фото - Ошто Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранын төрөт үйдөн салтанаттуу чыгарышты

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарында Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранын төрөгөн 39 жаштагы Рахат Белекованы төрөт үйдөн салтанаттуу чыгарышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А 1

Салтанаттуу иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жана Президенттик апараттын жетекчисинин орун басары Улукбек Марипов, Ош шаардык мэриясынын жетекчилери катышты. Алар энеге баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапшырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент А.Атамбаев тарабынан Ош шаарынан 4 бөлмөлүү батир жана 1 млн сом акчалай белек бериле тургандыгы айтылды. Батирдин ачкычын премьер-министр Т.Сариев тапшырат.

Андан сырткары, Т.Сариевдин атынан куттукттоо айтылып, 100 миң сом акчалай сыйлык берилди. 6 миллионунчу болуп төрөлгөн наристенин энесине элечек кийгизилип, үйүнө чыгарылды.

Андан сырткары, шаар жетекчилиги куттуктап, белектерин тапшырышты. Наристеге ата-энеси жактырган Айлин аты ыйгарылды.

А 2

А 3

А 4

А 6

А 7

 

А 8

А 9

А 10

А 11

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны болгон кыз 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келген. Ал 3 кг 870 грамм салмакта төрөлгөн. 6 миллионунчу жаранды 39 жаштагы Белекова Рахат жарыкка алып келген. Бул үй-бүлөнүн атасы — аскер кызматкери Алмаз Кожошев. Алардын улуу кызы учурда 19 жашта, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайдын студенти. Жарыкка келген кызга ата-энеси менен туугандары Айлин деген ысым тандады. 


0351390a73d23d797e5d9ff3a60f32ff_0_500_0


148976_g

69bf07a4396dc2232132c5a3b1292c86_500_0_0

Тема боюнча: Видео, фото - Кыргызстандык 6 миллионунчу жарандын чоң үй-бүлөсү

Фото - Кыргызстадын 6 миллионунчу жараны 3 кг 870 грамм салмакта төрөлдү

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен 39 жаштагы апасынын абалы жакшы (толугу менен)

Кыргызстандын 6 миллиончу жараны – кыз, Ошто төрөлдү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×