Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Ноокатта мэрия демилгелеп кура баштаган ажатканага байланыштуу нааразы пикирлер айтылууда (фото)

Turmush -  Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан каржыланып, Алимбаев көчөсүндөгү №40 көп кабаттуу үйдөн жанына ажаткана курулуп жатат. Жашоочулар ажаткана турак үйгө жакын курулуп жатканын жана жай мезгилинде жагымсыз жыт жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жарата турганын айтып чыкты. Курулуп жаткан ажаткана менен үйдүн аралыгы 9 метр.

«Суу түтүгү да ажатканага жакын. Мэрге элдин каалоосу эмес, ажатканадан түшкөн акча керек болгону көрүнүп эле турат. Биздин шаарда канализация да жок», - дейт жашоочулардын бири.

Ноокат шаарынын мэри Ө.Тургунбаев ажаткана көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын аразынын негизинде курулуп жатканын, ага 445 миң сом акча сарпталаарын билдирүүдө.

«Алимбаев көчөсүндө бүгүнкү күнгө чейин ажаткана жок, жашоочулар үйдүн айланасын ажаткана катары пайдаланат. Ошондуктан биз 500 адамдын колу коюлган арыздын негизинде ажаткана кура баштадык. Бул жерде көп кабаттуу үйдүн батирлеринин ээлери батирлерин ижарага берип, өздөрү башка жайда жашашат. Ал эми батирлерде ижара төлөп жашаган 30 адам эле жергиликтүү бийликтин ишине тоскоолдук кылып, ар тарапка арызданууда.

Ажаткана бардык тараптан текшерүүдөн өткөн. Эгерде ажаткана курууда мыйзам бузулса, анда ажаткананын курулушун токтотууга даярмын. Бул ажаткананын кызматын 10 миңге жакын адам пайдаланат. Башка жай жок болгондуктан ажаткана ушул жерге курулуп жатат», - деди мэр.

Буга чейин Ноокат шаарынын айланасына 4 коомдук ажаткана курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу