Turmush — Бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэрин шайлашат. Буга чейин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция мэрликке жалгыз талапкерди аныктаган.
Талапкер Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болгон.
Ал эми Бишкек шаарынын мэринин милдетин Бакытбек Дюшембиев аткарып жатат.
Борбордун мурунку мэри Албек Ибраимовго (2016-жылдан бери мэр болгон) шаардык кеңештин депутаттары 13-июлдагы кезексиз жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Ал эми 19-июлда А.Ибраимов кармалып, 29-августка чейин камакта калтырылды.
24-июлда ага карата экинчи айыбы угузулганын МУУК маалымдаган.
----------------------------------------------------------
АКИpress агенттиги борбор калаанын акыркы 100 жылдагы жетекчилери менен тааныштырат.