Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

«Элдик уламыш»: Алайдагы тоонун бооруна казанын кармап катып калган аялдын элеси — Каргаша кемпир (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан Каргаша кемпир аталган жай бар. Ал жайдагы тоо бооруна казанын кармап катып калган аялдын элесин чагылдырылган таш көрүнөт. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Канат Шарипбеков билдирди.

«Мен Каргаша кемпир тууралуу уламышты айылдагы улуу аксакалдардан уккам. Илгери ушул аймакта кыргын болуп, басмачылар бир айылды бүтүн кырган экен. Ошондо айылда бир кемпир казаны менен, бир келин баласы менен калган. Катуудан казан, жумшактан күл калган деп айтылып жүрөт. Келиндин баласы апасына тамак жейм деп ыйлай берет. Чыдамы кеткен келин, айылдагы кемпирден казанын сурайт. Кемпир казанын бербей коет. Келин айласы жок кетет.

Бул нерсе күндө кайталана берет. Келин дагы бир жолу казанын сурап, тамак жасап алып эле бере турганын айтып жалбарып суранат. Бирок кемпир "бербейм казанымды. Казаныма өзүм гана тамак бышырып жейм. Таштан казан аскыла... Тойбой калгыла" деп жооп берет.

Ага жинденген келин:

Казаныңды өзүң ал,

Элден чыгып өзүң кал.

Аскадагы таш болуп,

Казаныңды башыңа кийип катып кал деп каргаган.

Ошондон кийин Каргаша кемпир казанын башына кийип катып калган деген уламыш бар», - дейт К.Шарипбеков.

Аталган айылда Каргаша кемпир боюнча 2 уламыш айтылып келет. Экинчи уламыш боюнча бир каардуу кайнене болгон экен. Анын жалгыз уулу болуптур. Уулу эр жеткенде аны үйлөнтөт. Бирок келини кайненеге жакпайт. Баласына жаман көрсөтүү үчүн болгон айла- амалын кылат. Келинине күн көрсөтпөйт. Кудайга ыйы жеткен келин Кудайга жалынып, кайненесин шамал кылып алып кетүүсүн суранат. Кудайга ыйы жеткен келиндин тилеги ишке ашып, кайненесин куюн шамал учуруп кетет. Ошол шамал аркылуу тоо боруна келип казанын башына кийип калган деп да айтылып жүрөт.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Каргаша кемпирге сыйынып баргандар дагы бар болгон. Ал таш кара түстө болуп, нымдашып турат. Учурда каргаша кемпирдин ташы кулап калган. Анын ташынын сыныктарын жарага койсо бат айыктырат деген түшүнүктөр дагы бар. Жергиликтүүлөр анын казанын кулап калышын каргыштын жок болгондугу менен түшүндүрүп келишет.

Гүлчө айылындагы мектеп окуучулары «Каргаша кемпир» аттуу куурчак театрын жаш бөбөктөргө коюп беришет. Бул уламыш учурда балдарды тарбиялоодо дагы чоң роль ойноп келет. Балдарды сараңдыктан алыстатып, ынтымактуу, боорукер болууга үндөйт.

Сүрөттөр Алай районунун тургуну Канат Шарипбековго таандык.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8188
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×