Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 01.02.2016 13:38

Элдик уламыштар: Боёк катары колдонулган ылайдын көптүгүнөн Жошолу аталган айыл (фото)

Turmush -  Алай районуна караштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн аталышы кызыл ылайга байланыштуу. Айылдын адырлары кызгылт түстө. Жошолу айыл аймагы кооз жайлоолорго бай, дешет жергиликтүү тургундар.

Айылдын Жошолу аталып калуусунун себеби тууралуу улуулардан уккан маалыматтарын айылдын тургуну Намазбек Кожоналиев айтып берди.

жошолу2

«Жошолу айылынын аталышы тууралуу агаларымдан көп угам. Биздин айылда мурун жошо (кызыл ылай) көп болгон экен. Ал убакта боёктор дагы жок мезгил. Ошол учурда боз үйлөрдүн ууктарын кызылга боё үчүн жошону пайдаланышкан. Бул ылайга боёгондо ууктар кызыл болуп, өңүнө кирип калган. Андан улам бардыгы боз үйдүн ууктарын жошо менен боёп баштаган. Коңшу айылдан келе жаткан жолоочулар дагы бири-бирине "жошо чыккан айылдан келе жатам" деп жүрүп Жошолу аталып калган», - деди Н.Кожоналиев.

жошолу3

Жошолу айыл аймагы өзүнө Кыз эмчек, Ленин жолу, Жаңы турмуш, Ниязды, Үч чат, Аюу таман, Осаякун, Орто-Суу айылдарын камтыйт.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Аюу таман айылында илгери аюулар мекендеген. Азыркы убакка чейин аюулардын изи бар деген кептер айтылып келет.

жошолу1

жошолу4

Сүрөттөр жергиликтүү жашоочулардан алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×