Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 03.02.2016 08:40

«Элдик уламыш»: Кара-Кулжанын шамалдан далда жерде жайгашкан Ой-Тал айылы (фото)

Turmush -  Кара-Кулжанын Ой-Тал айылы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн борбору болуп эсептелет. Ал айылдын аталышы тууралуу жаш тарыхчы Муса Турдумат уулу аталарынан уккан уламышка таянып мындайча баяндады.

«Айылыбыз шамалдан далда жерде жайгашкан. Ал далда жерди аталарыбыз ой деп атап, талдар көп өскөн экен. Талдуу чуңкур, талдуу ой деп жүрүп Ой-Тал аталып калган.

Ой-Тал айылында буга чейин калмактар жашап кеткен деген уламыштар бар. Ал айылдын ортосунда калмактардан калган бийиктиги 6-7 метр болгон дөңчө бар. Аны айыл тургундары калмак дөбө деп атап коюшкан. Дөбөнү тегиздеп салууга аракет кылганда ал жерден адамдардын сөөктөрү чыгып, ошол боюнча ал жер сакталып калган», - деди Муса Турдумат уулу.

Ой-Тал айылынын эли мал чарбалык менен алектенет. Ой-Тал айыл өкмөтү Ой-Тал, Гөңдүк, айылдарынан туруп, 500гө чукул кожолук жашайт. Ал айылда бала бакча жок болгондуктан балдар мектептен тамга таанышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×