Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

«Элдик уламыштар»: Алайдын бычак курчутуучу таштары көп Бүлөлү айылы (фото)

Turmush -  Алай районунун аймагы суулуу, бийик тоонун койнунда жайгашкан Бүлөлү айылы бычак курчуткан таштын атынан коюлган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Эсенбек Суранчиев билдирди. Анын айтымында, илгери бул аймакта бүлөө таш (бычак курчуткан) көп болгон.

Өңү боз түстө болгон бул таш бычак, балта, орок сыяктуу үй шаймандарынын мизин курчутууга жардам берген. Металлдардын бетин жылмалоодо дагы дал ушул ташты пайдаланышкан. Ошондон улам Бүлө таш деп жүрүп Бүлөлү аталып калган.

Айылдын жашоочусу Гүлсүн Аматова Бүлөлүдөн Чөкө бий, Аби басмачы деген адамдар чыккандыгын айтат.

«Менин угушума караганда Бүлөлүдө мурун басмачылар көп болгон. Орустар келе баштаганда басмачылар жерин бербей, бул жерди сактап калышыптыр. Бүлөлү айылы арча, карагайдын мекени, табылгыдан тартып, шилби, ыргайларга чейин кездештирүүгө болот.

Абасы таза, суусу тунук», - деди Г.Аматова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8753
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×