Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыштар: Көлдү байырлап, элге кол салган жырткычтын атынан калган Кабылан-Көл айылы (фото)

Turmush -  Көлгө эч бир адамды жолотпогон кабыландын атын алып жүргөн Кабылан-Көл айыл өкмөтү Алай районунан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Гүлүмкан Сарыбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айылдан атагы алыска кеткен Бакал баатыр чыккан.

«Мен Кабылан-Көл айылы боюнча уламыштарды айылдаштарымдан угуп жүрөм. Биздин айылда чоң көл болгон. Ал көлдү кабылан мекендеген. Элет эли көлдөн өтө алган эмес. Анткени кабылан тойбой, адамдарга кол салып турган.

Ошол кезде айылдан Бакал баатыр чыгып, көлгө барып, кабылан менен кармашкан экен. Баатыр кабыланды тирүүлөй кармап, Кудаяр ханга тартуу кылган. Ошондон улам, кабылан чыккан көл деп айтылып жүрүп, айылыбыз дагы Кабылан-Көл аталып калган экен», - деди Г.Сарыбаева.

Кабылан-Көл айыл өкмөтү райондун административдик чек арасынын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Райондогу Коңур-Дөбө айыл өкмөтү менен чектешет, батыш-түндүгүнөн Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтү, түштүк-батышынан Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү менен чектешет. Жалпы аянты 64,4 миң чарчы км.

Айыл өкмөт өзүнө 4 айылды камтып турат: Кара-Жыгач, Кабылан-Көл, Курулуш, Күңгөй. Калктын саны 3 миң 26 адам.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, илгери көлдүн аянты болжол менен 8-10 гектарды ээлеп, кийинчерээк соолуп олтуруп, учурда камыштуу сазга айланган. Суу камыштардын арасынан гана көрүнөт.

Бул айылда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5175
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×