Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 11.02.2016 14:44

Элдик уламыш: Алайдын Кыз-Эмчек айылы жаш кыздын аялуу тагдырынан улам аталып калган (фото)

Turmush -  Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Кыз-Эмчек айылы жаш кыздын аялуу тагдырынан улам аталып калган, дешет жергиликтүү тургундар. Айылдын аталышына байланышкан уламыш тууралуу жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга айтып беришти.

Мурун бул айылда бай адам жашаган. Анын жалгыз кызы болгон. Кызы эс тартып бой жеткен мезгилде колунда жок, жакыр үй-бүлөнүн баласына ашык болуп калат. Бала да кызды сүйүп, экөө мамиле куруп жүрүп кыздын боюна бүтөт.

Муну уккан бай кызына учууланып, бала менен кызды өлтүрмөкчү болот. Кыз менен бала башка айылга аргасыздан качып жөнөшөт. Бай кол астындагы желдеттерине экөөнү өлтүрүп келүүнү буйруйт. Арадан убакыт өтүп, кыз балалуу болот. Кыз уулун эмизип жаткан учурда атасынын желдеттери келип, эки эмчегин кесип салышат. Ошондон улам бул айыл Кыз-Эмчек аталып калган, дешет айыл тургундары.

Ал эми Төрөнөв атындагы орто мектептин директору Сакан Атабаева кыздын эмчегине окшогон дөңсөө гана Кыз-Эмчек айылындагы элди суу ташкынынан сактап турганын айтат.

«Биздин айылдын ортосунда чоң дарыянын боюнда кыздын эмчеги сымал 2 дөңсөө бар. Кыз-Эмчек айылы боюнча уламышты улуулардан угуп калчумун. Илгери хандын кызы болгон экен. Ал бир адамга кызын кудалап, калыңын алып койгондон кийин кыз жигитине качып кетет. Аны уккан куда тарап кыздын артынан кууп жетип, кыздын эмчегин кесип, сууга агызып жиберген. Ошол эмчек биздин айылга келип токтоп, дөңсөө пайда болгон экен.

Жошолу айылында чоң ташкындап аккан дарыя бар. Ага канчалаган дамбаларды курса да агызып кетет. Суу бир гана Кыз-Эмчекке келгенде токтоп, акырын айланып өтөт. Суу ташкынынан Кыз-Эмчек гана айыл элин сактап турат. Дөңсөөнүн артында жалгыз дарак бар, анын жанынан суу жылжып агат. Бул жер азыр мазар болуп калган. Көпчүлүк сүрдүү жер деп айтышат», - деди С.Атабаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×