Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Элдик уламыштар: С.Жигитовдун чындыкка жакын уламыштарга бай айылы — Көлдүк (фото)

Turmush -  Өзгөн районундагы Көлдүк айылы алгач Шамал-Терек деп аталып келген, дешет жергиликтүү тургундар. Уламыштарга караганда, айылдын так ортосунда эки чоң терек өсүп турган.

Бирөөнүн түбү үңкүр сымал чуңкур болгон. Ал үңкүрдө жамгырдан коргонгон 15ке чукул эчки баткан. Дээрлик 1,5 кылым бою ал терек урабай өз калыбында турган. Кийинчерээк элет тургундары мектеп куруп жатып, ал теректи пайдалануу үчүн кыйышкан.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ал теректи 15тен ашык киши 10 күндө кыйган.

«Терек жыгылып жатканда адамдын үнүнө окшоп чыңырган үндөр чыгып, өзөгүнөн кан аккан. Ал эми ошол теректи кыюуга уруксат берген Кудайбердинин түбү Нарындан болгон. Ал кийин үй-бүлөсүнөн ажырап, көчөдө калган», - дешет айыл аксакалдары.

Ал эми айылдын Көлдүк аталып калышы тууралуу эки уламыш айтылып жүрөт.

Өзгөндүн Кара-Шоро багытындагы жолдун онунчу чакырымынын оң тарабында жайгашкан Көлдүк айылы мындан 3 кылым мурда пайда болгон. Аксакалдардын айтуусу боюнча, Көлдүк айылынын эң жогорку жагын камтыган Тоо-Дыйкан кыштагындагы жар көчкөн.

Көчкү 3 ай бою сууну тосуп, көлгө айланып турган. Ошондон көл болгон жер деп айтылып жүрүп, Көлдүк аталып калган дешет.

Экинчи уламышта айтылгандай, 19-кылымдын башында кашка уруусунун уулу Ысык-Көлдөгү бугу уруусунун кызына үйлөнөт. Эгиз уулду болгондо жолдошу каза болуп, келин өзү менен кошо Асанды ээрчитип төркүнүнө кетет. Үсөн туулган жеринде калат.

19-кылымдын 50-жылдарында кыргыз урууларынын өз ара жер жана бийлик үчүн күрөшү башталган. 1854-жылы сарыбагыш менен бугу урууларынын ортосундагы чыккан чырдан улам бугулар Текести карай качышат. Ошондо бугулар Оштон барып отурукташып калган кашка уруусун «биз менен силер да кырылып калбай, силер өз жериңерге кеткиле» деп жөнөтүшөт. Өз жерине кайтып келгендерди «жаңы кашкалар Ысык-Көлдөн келишти. Көлдүктөр келди» деп жүрүп Көлдүк аталып калган.

Ушул уламыш чындыкка жакындыгын аталган айылдын урууларынын бүгүнкү күндөгү аталыштарынан билсек болот. Кашка жана жаңы кашкалардын энеси бугу уруусунан экени анык, дешет жергиликтүүлөр.

Учурда аталган айылдын ортосунда ташты жарып чыккан мазар булак бар. Ал кышкысын жылуу, жай мезгилинде муздак болот. Булак ар кандай дарттарга даба боло турганын жергиликтүүлөр айтып келишет. Кезинде бул жерден Жаныбек казы да чыккан.

Көлдүк айылынын тургундары мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен күн өткөрүшөт. Негизги киреше катары жаңгакты эсептешет. Ар бир үйгө орто эсеп менен алганда 3 гектардан жер бөлүнгөн. Бөлүнгөн жерине салык төлөп, жаңгак теришет. 3 гектар жерден бир тонна жаңгак алгандар бар. Мындан сырткары ит мурун, долоно да терип сатыкка чыгарышат.

2014-жылдагы маалымат боюнча калктын саны 5285 адамды түзгөн. Административдүү-географиялык жайгашуусу — тоолуу аймак. Райондун борборуна чейинки аралык 35 чакырым. Айыл деңиз деңгээлинен 1400 метр бийиктикте жайгашкан.

Көлдүк айылында таанымал коомдук ишмер, белгилүү адабиятчы, окумуштуу Салижан Жигитов төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12759
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×