Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуАлай району 27.02.2016 10:36

Элдик уламыш: Көпчүлүктү ар кандай дарттан айыктырган Гүлчөдөгү Жылуу-Суу айылы (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылуу-Суу айылы жерден чыккан жылуу сууга байланыштуу аталып калган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жылуу-Суу айылында тоонун боорунан жылуу суу чыккан булак бар. Ал жерге бетине, денесине ар кандай жара чыккандар көп келишет.

Ырым-жырымга ишенгендер атайын 7 нан жасап, Куран окуп кетишет. Бетинде жарасы барлар жылуу булактын суусуна жуунгандан кийин айыгышат, дешет жашоочулар.

Ошондой эле бул айылга байланыштуу уламыш айтылып жүрөт. Уламышта айылдын молдосу намаз окуп жатканда көзүнө жылан көрүнүп, ошондон улам бул жер ыйык жер катары бааланып калганы айтылат.

Учурда булактын айланасы таш менен тосулган. Булак Ош—Гүлчө унаа жолунда жайгашкандыктан эс алуучуларга шарт түзүү максатында бассейн, кафелер ачылган. Сууга түшүү үчүн келген жарандардын саны арбын. Эс алуучулар үчүн унаалар токтоочу жай, эки кабаттуу кафе сыяктуу керектүү шарттар түзүлгөн.

Курорттук аймакка айланган Жылуу-Суудан Кыргызстандын ар тарабынан келгендерди кезиктирүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×