Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыш: Көзү ачык кемпирдин жоруктарынан улам Андижан суу сактагычы эл оозунда «Кемпир-Ават» деп айтылып калган (фото)

Turmush -  Андижан суу сактагычы («Кемпир-Ават» суу сактагычы) Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан. Суу сактагычтын жалпы аянты 1900 чарчы метрди түзөт.

Суу сактагыч 1978-жылы пайдаланууга берилип, ага Кара-Дарыя жана Жазы дарыялары кошулат. Учурда суу сактагычтагы суунун деңгээли 905 метрди түзөт.

Ош жана Жалал-Абад шаарларына көп жылдардан бери унаа менен байма-бай каттап жүргөн Канжарбек Төрөбай уулу аталган суу сактагыч тууралуу аксакалдардан уккан уламышты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

«Бийик тоодо көзү ачык кемпир жашап, ар кандай жоруктары менен өрөөндүн жашоочуларын коркутуп, жүдөтүп келчү экен. Ал кемпирдин үйүнүн астынан тоодон аккан суу өтүп, өрөөндөгү көлмөгө куйчу. Бирок кемпирдин тоодон аккан суу агымын токтотуп салчу дарбазасы болгон. Ошол көлмөнү «Кемпир-Ават» деп атап коюшкан.

Өрөөндүн жашоочулары ал кемпирдин көңүлүн алып, ачууланбашы үчүн ар дайым тамак-аш жана баалуу белек берип турушкан. Эгер кемпир алардын белегине ыраазы болсо дарбазаны ачкан. Андан суу агып, көлмөнү толтуруп турган. Бирок ачуусу келген учурда сууну тосуп салып, тургундар кургакчылыкта суунун тартыштыгынан түйшүк тартышкан.

Кемпирдин мындай жоругунан тажаган тургундар аравандык иш билги жигитти кемпирдин көзү ачыктыгынын айласын таап, дарбазасынын ачкычын алып келүү үчүн жөнөтүшөт.

Элдин ишенимин актоо үчүн жигит кемпирден ачкычты алып келет. Андан соң дарбаза ар дайым ачык туруп, суу бир калыпта агып калган», - деди К.Төрөбай уулу. 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9309
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×