Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыш: Алайдагы эң көрүнүктүү Кум-Бел жайлоосун жайлаган мал тез эттенип, арыктабайт жана кымызы өзгөчө даамга ээ (фото)

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндөгү Кум-Бел жайлоосу эң көрүнүктүү жайлоолордун бири. Жайкысы абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен. Чөбү малга сиңимдүү болгондуктан мал тез эттенет. Деңиз деңгээлинен 3997 метр бийиктикте жайгашкан жайлоону уларлар мекендеп келгенин аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жыпаргүл Осмонова аймактык кабарчыга билдирди.

1

«Кереметтүү Кум-Бел жайлоосуна илгертеден бери биздин айылдын тургундары жайлап келет. Мурун кайберендердин мекенине айланган бул жай азыр улардын мекени. Бул тууралуу мен биздин айылдын тарыхчысы Базарбай Тобокаловдон уктум. Жайлоонун Кум-Бел болуп аталып калышына кум төшөлүп турган чоку себеп болгон. Жайлоонун так ортосунда шагыл таштуу, кум төшөлгөн чоку бар. Союз мезгилинде атайын белги кылып, ал чокуга арматура орнотушкан. Чокуда аска-зоолор жок, жалаң гана куюлган шагыл таштар бар.

Алыстан жайлоого эч нерсе өспөй тургандай көрүнгөнү менен дарылык касиети бар чөптүн көп түрүн ошол жерден көрүүгө болот. Адамдын организмине пайдалуу козу кулак, масжуран, ышкын сыяктуу өсүмдүктөр өсүп, бетеге деген чөп да чыгат. Суу жээктеринде башка жерде кездешпеген жөргөмүш деген чөп өсөт.

3

Кум-Белди жайлап түшкөн мал жазга чейин ылаңдан алыс болуп, арыктабайт.

Эртең мененкисин жайлоодо улардын жайылып жүргөнүн көрүп, ышкырыгына күбө болосуң. Чөптүн күчтүүлүгүнөн кымызы өзгөчө даамга ээ. Райондо Кум-Бел кымызына суусагандар көп», - деди Ж.Осмонова.

Аталган жайлоого Будалыктан ат менен 2-3 саатта жетүүгө болот.

2

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7779
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×