Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуАраван району 14.03.2016 18:27

Элдик уламыш: Жалгыз мистенин атын алган Жеке-Мисте айылы (фото)

Turmush -  Араван районундагы Жеке-Мисте айылынын тургундарына айылдын аталышына байланыштуу суроолорду көп узатышат. Бирок жергиликтүү жашоочулардын көпчүлүгүндө айылдын тарыхы тууралуу маалымат жок. 

Жергиликтүү тургун Мухаммед Абдрахманов айылдын аталышын изилдөө максатында 10 жылдан бери маалыматтарды топтоп жатканын билдирди. Каражат маселеси чечилсе айылдын тарыхын камтыган китеп чыгарууну пландап жатат.

1

«Табияттын берген белеги катары жапайы мистелер Төө-Моюн өрөөнүнүн түштүк чыгыш тарабында өтө көп өскөн. 18-кылымдын аягы, 19-кылымдын баш ченинде адамдар аларды отун катары пайдалана баштаган. Көпчүлүгү кыркылып жок кылынган. Алардын катарында жалгыз гана өтө чоң дарак сакталып калган. Кудайдын буйругу болмоюнча, кумурсканын буту сынбайт деген сөз бар. Жалгыз мистенин сакталып калышын керемет катары кабыл алганбыз. Ал дарак өзү жалгыз калып, көпкө чейин сакталып тургандыктан бир айылдын атын алышы мүмкүн. Ал жалгыз дарак 1960-жылдары кыркылган.

Уламыштарга караганда, Төө-Моюн өрөөнү жана ага жакын аймактар бак-дарактарга бай болгон. Кийинчерээк климаттын өзгөрүшү менен күн катуу ысып, аптаптуу аймактардын катарын толуктап калды. Кургак болгондуктан суу тартыштыгы жаралган. Совет мезгилинде Ноокат районуна Найман суу сактагычы курулуп, Төө-Моюн айыл өкмөтүн жана ага караган айылдарды суу менен камсыз кылуу пландалган. Өзбекстандын аймактарына жол жүргөн жүргүнчүлөр да чоң мистенин көлөкөсүнө эс алып, сапарын улаган. Мистенин мөмөсүн жегендер бактылуу болуп, турмуштан өз ордун табат жана ден соолугу чың болот деген кептер айтылып турган.

а

Жүргүнчүлөрдүн бардыгы эле анын мөмөсүн жей алган эмес. Мөмөсү бышкан убакка туш келгендегана ооз тийгендиктен, өздөрүн жолдуубуз деп эсептешкен. Анын мөмөсү адам баласына күч-кубат берип турган деген ишенимдер болгон. Биз айылыбыздын аты менен сыймыктанабыз. Кыргыздар илгертеден бир нерсеге ысым ыйгарууда ошол жерге байланыштуу ысымды атаган. Биздин айылдын аты мистелердин уюгунда жашаганыбыздан кабар берип турат», - деди М.Абдрахманов.

Учурда айылдагы 400 түтүндө 3 миңге жакын эл жашайт. Ал жерге Жалал-Абад облусунун, Фергана, Араван, Ноокат райондорунун дыйкандары отурукташкан. Эли негизинен дыйканчылык менен алектенет. Мал чарбачылык менен алектенгендер жайкысын жайлоолорго чыгышат.

Бул айылда башкыр, татар, орус, тажик жана өзбек улуттарынын өкүлдөрү бар. Айылда сентябрь айында мисте бышып, аны терип алуу кыйын болгондуктан кымбат бааланат.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×