Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ош

Сары өңдөгү таштардын көптүгүнөн аты аталган Алайдагы Сары-Таш айыл өкмөтү (фото)

Turmush -  Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтү Памир унаа жолу курулуп жатканда түптөлүп баштаган. Жол куруучулар үчүн үй куруп жатканда өңү сары таштар кездешкендигинен улам Сары-Таш аталып калган. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн маданият бөлүмүнүн көркөм жетекчиси Зейнеп Омбулова билдирди.

«Биздин айыл мурун жайлоо катары пайдаланылып келген. Сары-Таш айылы 1930-жылдары Талдык ашуусунун жанындагы жайлоо болгон. Алай районунун мал чарбаларындагы малдар жайкысын ушул жерге жайлап кетишкен. 1932-33-жылдары Совет бийлигинин тушунда Памир унаа жолу курула баштаган. Ошол убакта Сары-Ташка жолчулар үчүн үйлөр курулган. Үй куруп жатканда таштардын сары экени байкалып, Сары-Таш аталып калган. Көчүп жүргөн эл акырындык менен ал аймакка малга ыңгайлуу деп отурукташа баштаган.

1950-жылы Сары-Таш кыштагы түзүлгөн. Ага чейин Сары-Таш айылы Үч-Төбө, кийин Кызыл-Алай айылдарына караган аймак болуп турган», - деди З.Омбулова.

Сары-Таш айыл өкмөтү деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте, Ош облусунун борборунан 198 чакырым алыстыкта жайгашкан. Талдык ашуусу деңиз денгээлинен 3615 метр бийиктикте болуп, 12 айлампа жолдон турат.

Сары-Таш айыл өкмөтү өзүнө Сары-Таш жанан Нура айылдарын камтыйт. Маалыматтарга ылайык, учурда 3 миңден ашык калк жашайт. Айылдын эли негизинен мал чарбачылык менен алектенет.

Сүрөттөр аталган айылдын тургуну Токтогул Шаныяевге таандык.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11802
Элдик уламыштар
Көп окулду
×