Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыш: Өзгөндөгү үңкүргө чогулган атактуу зергерлердин айылы (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн аталышы зер буюмдарды жасаган кол өнөрчүлөр көп чыккандыгы менен байланыштуу. Бул тууралуу айылдаштарынан уккан маалыматты жергиликтүү тургун Гүлү Алиева аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, Зергер айылынын Улуу Жибек жолунда жайгашканы зергерлерди атактуу кылган. «Биздин айылда илгери зер буюмдарды жасаган усталар көп болгон экен. Айылдагы Шаа-Мурат жайлоосунда үңкүр бар. Усталардын бары ошол жерде көл өнөрчүлүгүн улантышкан. Кытайдан келген соодагерлер зер буюмдарды ушул жерден алып кетип турган. Ошондон улам зер бумдарды жасаган жер — Зергер аталып калган», - деди Г.Алиева.

Быйыл Тарых жана маданият жылына карата аталган үңкүрдү калыбына келтирүү пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Абдыгул Адилбековдун айтымында, айылдын Зергер аталып калышына дарыяга байланыштуу.

«Биздин айыл өкмөттүн так ортосунан Зергер дарыясы агып өтүп, Жазы дарыясына куят. Ошондон улам Зергер аталып калган. Айыл өкмөт өзүнө 7 айылды камтыйт. Калктын саны 11 миң 675 адам. 1955-жылы Зергер айылдык кеңеши болуп түзүлүп, 1996-жылдын май айында Зергер айыл өкмөтү болуп уюшулган», - деди А.Адилбеков.

Уламыш

Зергер айылы райондун борбору — Өзгөн шаарынан 30 чакырым түндүк тараптан орун алган. Айыл эли негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектептер, китепкана, ФАП бар.

Сүрөт: Жаныбек Абдимаматов 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6832
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×