Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуНоокат району 25.03.2016 12:17

Ноокат районунда быйыл 87 дыйкан-фермерге 30 млн 140 600 сом насыя берилди

Turmush -  Ноокат районунда быйыл 87 дыйкан-фермерге мамлекет тарабынан 30 млн 140 600 сом насыя берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл мамлекет тарабынан Ноокат районунун аймагындагы 87 дыйкан-фермерге 10%дык 30 млн 140 600 сом насыя берилди.

Мал чарбасына 25 млн 840 миң сом, дыйка чарбасына 4 млн 300 600 миң бөлүнгөн.

Өлкө боюнча 10%дык насыя айыл чарба, мал чарба, кайра иштетип чыгаруучу тармактарына гана берилүүдө. Ноокат районунда кайра иштеп чыгуучу сехтер жок болгондугуна байланыштуу бул жаатка акча каражаты бөлүнгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×