Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 05.04.2016 09:35

Элдик уламыш: Байлыкка тойбогон байдын малдары ташка айланып, Жалпак-Таш аталган айыл (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын аталышы Карынбай байдын ташка айланган байлыгына байланыштуу экендиги тууралуу уламыштар айтылат. Бул тууралуу аталган айыл аймактагы аялдар кеңешинин төрайымы Датка Маметова айтып берди.

«Айыл аксакалдарынан укканым боюнча, илгери биздин айылда Карынбай аттуу бай адам жашаган. Ал байлыкка тойгон эмес. Жер жайнаган мал мүлкү болсо да көзү тойбой, Кудайдан жүз миңдеген мал, дагы ушунча жылкы бер деп суранат. Анын сансыз малы бир сайдын суусун түгөтө ичип турган. Бирок Карынбай ошого да шүгүр кылбай, эч ким менен бөлүшкөн эмес. Жадакалса бир коюн союп, тамак-аш кылууга ыраа көргөн эмес. Аягында анын тойбостугунун айынан бардык малдары ташка айланып калганы айтылат. Ал эми Карынбайдын өзүн жер жутуп кетиптир. Ошол окуя биздин айылдын аймагында болгон», - деди Д.Маметова.

Айылдын аталышы боюнча айтылып жүргөн башка уламышта Жалпак-Таш бир нече миң жылдар мурун пайда болгон. Кайсы бир заманда бул жерде кыямат болгон. Ошондо деңиздин суулары соолуп, кумдар калган. Дарыядагы деңиз жаныбарларынын сөөктөрү кумга аралашып, сырткы күчтүн таасири менен кум катып калган. Башкача айтканда климаттын өзгөрүшү күндүн, суунун, шамалдын, жаандын таасиринен улам кум менен катып, мезгилдин өтүшү менен ташка айланган.

Карынбайдын ташын учурда скульптура жасагандар, таш иштеткен ишканалар жердин астынан казып кетишет. Бул жактагы таштар башка таштарга караганда кесип пайдаланганга оңой болгондуктан баалуу болуп эсептелет. Учурда Жалпак-Таш айыл аймагында 7 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×