Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 05.04.2016 13:19

Элдик уламыш: Жибек жолунан өткөн соодагерлерге берешендиги менен кеңири таанылган Мырза акенин айылы (фото)

Turmush -  Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын аталышы берешендиги менен таанымал болгон Мырза аттуу жашоочунун ысымы менен байланыштуу. Айылдын аталышы тууралуу уккан маалыматтарын айылдын тургуну Адыл Раев айтып берди.

«Илгери биздин айылда соодагерлер көп болгону айтылат. Биздин жол Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашып, Мырза деген соодагер жашаган. Ар кайсы тараптан келген соодагерлер Мырзанын үйүнө конуп турган. Ал киши боорукер, колу ачык болгондуктан жолдон өтүп бара жаткандардын барына чайын сунуп, ашын берип, берешендигинен жазган эмес. Андан улам аны көпчүлүк жакшы көрүп, берешендигин сыйлаган.

Убакыттын өтүшү менен соодагерлер бири-биринин "каякта болуп жатасыңар" деген суроосуна "баягы Мырза акенин үйүнө бар, ошол кабыл алат" деп жооп берип турушкан. Андан улам Мырза аке жашаган аймак анын атынан аталып калган», - деди А.Раев.

Мырза-Аке айылындагы жашоочулар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×