Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Элдик уламыш: Кара-Суудагы Мады айылы белгилүү Медба хандын ысымынан аталган (фото)

Turmush -  Кара-Суудагы Мады айылынын аталышы уламыштарда айтылып жүргөн Медба хандын ысымынан аталган. Айылы тууралуу маалыматтарды айтып берген жергиликтүү тургун Алия Аскар кызынын айтымында, ал хан азыркы Мады айылынын аймагында жашаган элди башкарган.

«Илгери бул айылды Медва деген хан башкарып турган. Аймак Улуу Жибек жолунун маданий борбору болгон. Кытайлар да, кыргыздар да Медба хандын аймагынан соода жүргүзүшкөн. Ошондон улам Медва хандын атына Медва борбору болуп аталып калган. Медва хандын ысымын эл өздөрүнө ыңгайлаштырып атап жүрүп, бара-бара Мады хан деп аталып калган. Хандын аймагына азыркы Мады айылы жайгашкан дешет.

Башка вариантта бул айылда Курманжан датканын жашаганы белгиленип, Курманжандын аймагы деп да аталып келет. "Манас" эпосунда да Мады хандын ысымы айтылат. Бирок эпосто Медва хандын аталганы же башка Мады хан тууралуу айтылганы белгисиз», - деди ал.

Мады айыл өкмөтүндөгү айылдар мал багууга жана дыйканчылык кылууга ыңгайлуу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8241
Элдик уламыштар
Көп окулду
×