Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Элдик уламыш: 8 күн уктап, үйүр топозун жоготкон Белес баатырды кызыктырган Кара-Тейит айылынын түптөлүшү (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылынын түптөлүшү тейит уруусу менен байланыштуу. Айыл аксакалы Абдулазиз Сулаймановдун айтымында, айыл жайгашкан аймак бир убакта эч ким жашабаган ээн талаа болгон. Ага коңшу жайгашкан Карамык айылына эл отурукташып калгандан кийин гана Кара-Тейит айылы түптөлө баштаган. Бул айылдын пайда болушуна жергиликтүү тургундар Белес баатыр себепкер болгон дешет.

«Биздин чоң бабабыз өзгөндүк болгон. Ал Мургабга Чоң-Алай аркылуу топоз айдап жүргөн. Топоз багып, коңшу өлкөгө сатып, керектүү буюмдарга алмаштырып күн кечирген. Жаш баатыр короо-короо топоз айдап жүргөн күндөрдүн биринде Сары-Ташка жеткенде чарчап, уктап калат. Бир аз убакыт эс алууну көздөгөн Белес баатыр 8 күн ойгонбостон катуу уктаган дешет. Ойгонсо эле короо-короо айдап келген топоздору жок. Шаштысы кетип, аларды издеп баштайт. Көп болгондуктан алардын басып өткөн жолдорунан сөзсүз из калчу дешет.

Азыркы биз отурган Кара-Тейит айылы ал мезгилде Топжылга деп аталчу экен. Из аркылуу Топжылгага барса эн талаада топоздордун оттоп жатканын көргөн. Ошол убакта Топжылгага жакын аймакта тажиктер жашап, Белес барган учурда жагылган отундун чогу өчө элек болгон. Белес топоздорду тобу менен айдап келе жатканы алыстан сүр менен көрүнүп, “душман чаптырып келе жатат" деген тажиктер ал жерден көчүп кетишет. Белес топоздорун сатып өткөрүп, Өзгөнгө барат. Ал жактан балалуу болгондон кийин мурда көргөн ээн талаага барып жашагысы келет. 2 уулду болуп, балдары 25-20 жашка толгондо аларды ээрчитип, биз турган айылга келет. Ал келгенде Карамыктын кыпчак уруусу байырлап, жашап жаткан болот.

Атасы эки баласы менен турган жерди “үчкон” (3 конуш деген мааниде) деп атап койгон. Боз үй тигип, отурукташкан үчкондуктарга коңшу айылдын кыпчак уруусу келип “силер бизден уруксат сурабай, эмнеге отурукташып алдыңар? Бул биздин жер, атабыздан калган” деген талап менен жер талашып, чыр чыгарат. Эки тарап талашып, үч баатыр катылгандын катыгын берип, келгендерди айылына кууп кирет.

Ата-бала “бизди чаап кирди. Ата-бабабыздан калган жер болчу” деп Оштун казысына арызданат. Ал казы калыс чечим чыгаруу үчүн барып, “атаңдан калган жер болсо кандай белгиңер бар, эмне далил бар?” деп суроо салат. Көк-Дөбө деген жерге Белес баатыр моюнтурук бекиткен болот. Ошону алып чыкканда казы чын эле Белеске тиешелүү жер экенине ынанып, Карамык айылын Кара-Тейит айылынан бөлүп берет.

Бойго жеткен уулдарын үйлөнтүү үчүн баатыр коңшу айылдын кыздарына куда түшүп, ынтымагы бекемделет. Баатырдын Кулбек жана Кубат деген уулдары тажик эли жерине бастырып кирип, ал тургай кыргыздын кыздарын тартууга алып турганына ачууланат.

Алардын бул жоругун тыюу үчүн Белес баатыр балдары менен тажиктерди өздөрүнүн жерине чейин кууп кирет. Ал жактан Кошой деген жерде жашап калышат. Кол топтогон коңшу эл кыргыздарды кууп чыгуу үчүн чабуул коюп, 8 күн согушат. Кагылышуу учурунда Кубат баатыр каза болот. Кулубек менен атасы качып, Шумкар тоосуна келгенде өзүбүздүн жерибиз деп жүрүштү акырындатат. Ошол убакта Белес баатырдын жашы 103кө таяп калган, дешет айыл аксакалдары. Андан соң урпактарын Кара-Тейитке алып келип отурукташып, жашап калышат. Коңшу айылдагылар тейит уруусундагыларды “кара-тейиттер келди, кара-тейиттер кетти, кара-тейиттер көчтү” деп жүрүп, айыл Кара-Тейит аталып калган», - деди айыл аксалы Абдулазиз Сулайманов.

Санжырачылардын айтымында, кара-тейиттердин түпкү теги Лейлекке барып такалат. Кара-тейит, сары-тейит деп да бөлүнүп жүргөндөрү бар.

Учурда Кара-Тейит айылында 2 миңге чукул калк жашайт. Эли мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенип, картошканын түшүмү мол алынат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12037
Элдик уламыштар
Көп окулду
×