Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Ош

Элдик уламыш: Ноокаттын Жаңы-Ноокат айыл аймагы «Сахаба» ыйык багы менен Орто Азияга белгилүү (фото)

Turmush -  Ош облусунун борборунан 50 чакырым, Ноокат районунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан Жаңы-Ноокат айыл аймагы «Сахаба» эс алуу багы менен белгилүү.

Turmush басылмасынын кабарчысы топтогон маалыматтар боюнча, айыл аймакта 1 чакан ГЭС, кыш чыгаруучу 4 цех, асфальт чыгаруучу 1 цех, пескоблок чыгаруучу 1 цех жана 12 тегирмен иштеп жатат.

Ошондой эле кесиптик 1 лицей, 1 санаториялык интернат-мектеп, 9 орто мектеп, 1 толук эмес орто мектеп, 5 бала бакча, айылдык 2 оорукана жана 4 ФАП бар.

СССР мезгилинде Жаңы-Ноокат айылындагы «Маданият» колхозунда чарбалык жана экологиялык иштер жакшы жүргүзүлүп, тамеки өстүрүү боюнча ийгиликтерге жетишкен. 1936-жылы биринчи жолу СССРдин элдик чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө Ардак грамота менен сыйланган.

«Маданият» колхозунда өстүрүлгөн тамекиден жасалган сигараларды Англиянын башчысы У.Черчилль чеккендиги жөнүндө айтылып жүрөт.

1934-жылда СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Е.Федоров менен тыгыз байланышта болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин калкы Ош облусунда биринчилерден болуп чакан гидроэлектростанциясын куруп, айыл тургундары электр энергиясы менен камсыз болгон.

Ошондой эле элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында облуста биринчилерден болуп эмгекчилердин эс алуу зонасы уюштурулган.

Азыркы тапта бул эс алуу зонасы «Сахаба» эс алуу багы деп аталып, Орто Азия өлкөлөрүнөн келген туристтер эс алып кетүүдө. Бул бакта байыркы Кытай илимпоздору тарабынан сүрөт тартылган таш картасы бар. Таш картаны жергиликтүү илимпоздор иликтеп, байыркы тарыхый эстелик экендигин айткан.

Айылга келген туристтер бул уникалдуу эстеликтерди көрүп, анын тарыхый аталышы тууралуу кеңири маалыматтарды алууга кызыгуу артат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Мухаммед пайгамбардын сахабалары 6-8-кылымдарда Фергана өрөөнүнүн аймагында жашаган калкка ислам динин үйрөтүү үчүн келип, ушул жерде жашаган. Алардын сөөктөрү «Сахаба» эс алуу багынын жанындагы көрүстөнгө коюлган. Ошол мезгилден бери бул жер ыйык сыйынуучу жай катары эсептелип, Орто Азия өлкөлөрүнөн келген туристтер сыйынып кетүүдө.

«Сахаба» мазарында 6-8-кылымдарга таандык, араб арибинде жазылган тарыхый таштар бар. Туристтерге сыйынуу, эс алуу, тамактануу, спорт менен машыгуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

IMG-20160411-WA0116

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11307
Элдик уламыштар
Көп окулду
×