Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Элдик уламыш: 5 кылымдан кийин жолуккан Ахмед менен Арстан баба саламдашкан Салам-Алик айылы (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Салам-Алик айылынын аталышы Мухаммед пайгамбардын курмасы менен байланыштуу экенин айылда жашаган санжырачы Карыбек Асанбеков айтып берди.

«Салам-Алик айылы боюнча уламышты Кимсанбай ажы Абдразак уулунун китебинен окугам. Анда Мухаммед пайгамбар каза болордо ыйык курма өсүмдүгүн 500 жылдан кийин жарала турган күчтүү, олуя балага берүү өтүнүчү менен жакын адамдарына кайрылат. Ал аймакта көп адамдар жашаган. Ошондо Арстан баба пайгамбардын аманатын тапшыруу милдетин алат.

Арадан 500 жыл өткөндөн кийин Түркистанда Кул кожо Ахмед Ясави жарык дүйнөгө келет. Арстан баба Мухаммед пайгамбар айткан бала жарык дүйнөгө келгенин туюп, аманатты тапшыруу үчүн жолго чыгат.

Азыркы Салам-Алик айылы мурун Кең-Сай болгон. Ал издеп тапканга чейин Кул кожо Ахмед Ясави 5-6 жашка чыгып калат. Кең-Сайга келсе 5-6 бала ойноп турган болот. Арасынан Кул кожо Ахмед Ясави суурулуп чыгып, салам берет. Анын саламын кабыл алган Арстан бабадан "менин курмамды алып келдиңизби?"деп суроо салат. Ошентип Арстан баба балага курманы өткөрүп берген. Ошондон улам ушул аймак Кул кожо Ахмед Ясави менен Арстан бабанын салам-алик алышкан жери деп жүрүп, Салам-Алик аталып калган», - деди К.Асанбеков.

Айыл аймак дыйканчылык менен мал чарбасына ыңгайлуу аймак.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8674
Элдик уламыштар
Көп окулду
×