Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 21.04.2016 13:36

Элдик уламыш: Кара-Кулжадагы жалгыз дөңдөн улам аты калган Жетим-Дөбө айылы (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районуна караштуу Жетим-Дөбө айылында жалгыз дөң бар. Айылдын аталышын  ал дөңгө байланыштуу экени уламыштарда айтылат. Жергиликтүү тургун Курстанали кызы Аксаткын айтымында, айылдын төрт тарабын тоолор курчаган.

«Бул айылдын төрт тарабы тоолор менен курчалып турат. Тоолордун ортосунда жашоого ыңгайлуу жер болгон. Ошол жерге адамдар келип, отурукташа баштайт. Ал жердин ортосунда жалгыз, тоолорго кошулбаган дөбө болгон. Башкалардан айырмаланып, өзүнчө жалгыз турган дөңсөнү көргөн эл, ал тоону "жетимсиреп калгандай жалгыз турат" деп бири-бирине айтып отуруп, Жетим-Дөбө деп аталып калган. Жалгыз дөң ушул кезге чейин турат», - деди А.Курстанали кызы.

Ошондой эле илгери элдик жыйындар, аксакалдардын чогулушу ошол дөбөнүн жанында уюштурулуп турган. Жашоочулар «кезектеги чогулуш жалгыз турган жетим дөбөнүн жанында болот» деп айтып жүрүп, ал жер Жетим-Дөбө деп аталып калганы айтылат, деп кошумчалады. 

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караган айыл мал багууга ыңгайлуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×