Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Элдик уламыш: Майда таштарга чейин көрүнгөн тунук суусу менен таанылган Кашка-Суу айыл өкмөтү (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылы тунук суусу менен таанымал. Айылдын тургуну Абдразак Нурдиновдун айтымында, айылга жаз кеч келип, кар эрте жаагандыктан картошка менен арпа гана өсөт.

«Биздин айылдагы колоттон тунук суу оргуп агып чыгат. Биз аны оргума деп атайбыз. Колоттон түшкөн суу айыл ичин аралап өткөн сууга кошулуп агат. Эки суу биригип, айыл элин таза суу менен камсыз кылат.

Суунун тунуктугунан майда таштарга чейин даана көрүнөт. Ошол себептүү кашкайган суу, тунук суу деп жүрүп Кашка-Суу аталып калган. Кашка-Суу өлкөдө суунун тазалыгы боюнча экинчи орунда турат.

1969-жылы Кашка-Суу айылы түптөлгөн. Алгач уяң жүндүү койлор биздин айылда багыла баштаган. Кашка-Суу райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте. Айылда 3 мечит, 1 мектеп бар», - деди А.Нурдинов.

Кашка-Суу айыл аймагы өзүнө 6 айылды камтыйт. Учурда калктын саны 9 миңден ашык. Кашка-Суу айылы Жеңиш чокусунун маңдайында жайгашкан. Жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет.

2

3

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10878
Элдик уламыштар
Көп окулду
×