Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыш: Чоң-Алайдын Кабык айылын бийиктен караганда асманда учуп жүргөн жалбырактар, кабыктар көрүнүп турган

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Кабык айылынын аталышы жоогазындын кабыгына байланыштуу экени айтылып жүрөт. Айыл тургуну Чыңгыз Абдракмановдун айтымында, бул аймакта мурун жоогазын гүлү көп өскөн дешет.

«Илгери бул жерде жоогазын гүлдөрү көп өсүп турган. Табияттын буйругу менен айылда тез-тезден катуу шамал болуп турган. Катуу шамал болгон учурда жоогазын гүлдөрүнүн жалбырактары, кабыктары да асманга карай учуп чыккан. Бийиктен айылды караганда асманда учуп жүргөн жалбырактар, кабыктар көрүнүп турган. Жалбырак эмес кабыктардын учуп жүргөнүнө таң калган эл, бул жерди кабыктар учкан жер деп атап отуруп, Кабык айылына айланган. Ошондон улам Кабык айылы деп аталып келет», - деди Абдракманов.

кабык

Кабык айылындагы жоогазын гүлдөрү түп тамыры менен жок болгон. Бирок, тез-тезден катуу шамал болуп турат. Айылда жалпы 150 түтүн жашайт. Тургундар кайрак жерге буудай, картошка эгип тиричилик кылышат. Айыл мал багууга ыңгайлуу болгону менен кышында катуу суук болот.

кабык 1

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5379
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×