Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыштар: Ыйык жайлары көп жайлоосуна Манастын атасы чыккан Тээке айылы (фото)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Тээке айылы Ош шаарынан 57 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоолуу аймак элдик уламышка бай. Анткени ал жерди 5-кылымдан тартып элдер байырлап, жашай баштаганы айтылат. Кышы жылуу, жай мезгили салкын болгон аймак мал багууга ыңгайлуу.

Айылдын жашоочулары айыл тууралуу уккан уламыштарды айтып беришти. 

«Манас баатырдын атасы Жакып да Тээке айылынын жайлоолоруна чыкканы айтылат. "Манас" эпосунда Кыпчур таш, Калдырама мазарлары, ыйык жайлар, Марал-Башы, Көк-Көл, Кызыл-Белес, Ай-Көл, Кызыл-Тоо, Улуу хан жайлоолору айтылат. Ошондой эле, ал жерлер эпостун географиялык түшүндүрмөлөрүндө да камтылган.

Жайдын күнү Жакып хан чыккан жайлоону Улуу хан деп атап жүрүшкөн. Жылдар өтүп, Улуу хандын аталышы Олокон деп атала баштаган. Олокондун чыгыш тарабына Жакып хан байлыгын (казынасын) бекитип кеткен дешет.

Казына өтө татаал жерге жайгаштырылганы (тоонун бооруна) айтылат. Ал тоодогу байлыкты алуу үчүн көптөгөн жарандар чыгууга аракет кылышкан. Эч ким ал жакка жете алган эмес жана аскадан учуп өлүшкөн. Ал жерде байлыкка кызыгып, каза болгондордун сөөктөрү көп кылымдар бою алынбай калган. Ошондон улам ал жер Сөөк-Мазар деп аталып калган», - деди тарых мугалими, 65 жаштагы элет тургуну Нурганбай Кыдырбаев.

Айылдын 76 жаштагы тургуну Уринса Полотбекова дагы айыл тууралуу бабалардан уккан маалыматын айтып берди.

«Баба атадан төрт уул — Кочкор, Жумгал, Чолпон, Тастар тараган. Алар Өзгөн районунда туулуп, ошол жакта эр жетишет. Кичүү баласы Тастар кытай илимин үйрөнүп, сабатын жоюп, түштүк чек араны коргоо үчүн тоо тарапка көчүп келет.

Бүгүнкү күндө айылдын түндүк тарабында Тастар атанын мазары бар. Ал качандыр бир мезгилдерде айылга кол салганы келе жаткан душмандардын кабарын билдирип турчу экен. Кадимкидей тарсылдап таштар атылып, катуу үндөрдү чыгарып, белги берчү экен. Биз бала кезде ал мазарга ойногону барчубуз. Ал жердеги таштарды чачып койсок, эртең менен кайра бары өз ордунда туруп калганын көрчүбүз. Ал жердин ээси бар деп калышчу. Кээ бир адамдардын да көзүнө көрүнгөн учурлар болгон экен. Ошол мезгилдеги карыялар узун бойлуу адамдар ал таштарды түн оокумда иреттеп жатканын көргөнбүз деп калышчу.

Ал мазарда ири көлөмдөгү таштар бар. Анын айланасы майда таштар менен курчалган. Майда таштарды алмаштырып койсо же алыска ыргытып жиберишсе да, эртеси күнү кадимкидей жыйналып калчу. Бул көрүнүштөргө бала кезимде күбө болгом», - деди У.Полотбекова.

Тастар-Ата мазарынын түндүк тарабында Кароол дөбө бар. Ал жерге элдер тарабынан топурактар үйүлүп, дөңсө курулган.

Элет тургундары жай казып жатып (өлүк көмүү үчүн), кандайдыр бир боштукта эшиктер да бар экенине күбө болушкан. Бул көрүнүштү тарыхчылар 15-17-кылымдарга таандык деп табышкан. Ал бир топ чакырымга чейин арыктар (окоп) менен коштолгон жана бир нече эшиктер да болгон. Мындан улам хандарга тиешелүү орун болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Ал эми дөбөгө душмандан сактануу үчүн кароол коюшкан дешет. Ар дайым дөңсөдө турган кароолдон улам ал жер Кароол-Дөбө аталган. Ал мезгилде кароол кимди кайтарып жатканы коңшу айылдардын тургундарына белгисиз болгон.

Санжыра боюнча тээке уруусу экиге бөлүнөт.

Биринчиси — ууру тээке. Аларды белинде кара жиби бар деп да аташат. Ачарчылык мезгилде азыркы Өзбекстандын аймагында жашаган кыргыз уруулары бай-манаптарды тоноп турушкан. Тээке уруусунун өкүлдөрү ачкачылыктан элди сактоо үчүн белине кара жип байлап барып, байлардын, башка элдердин малдарын уурдап келчү экен. Анткени ачарчылыктан эл кырылып калган учурлар болгон. Кийинчерээк Кокон хандыгынын салык салуусунан улам тоо тарапка көчө качкан эл азыркы Тээке айылына барып отурукташып калышат.

Тарыхый булактарга таянсак, 17-кылымдан тартып тээке уруусу азыркы Тээке айылында отурукташып башташкан. Кыргызстан Россиянын курамына киргенден тартып айылдыктарды төрт этап менен шаарга жакын айылдарга көчүрүшкөн. Аларды пахта, тамеки көп эгилген жайларга отурукташтырган. Жаштарга да кургак жерден жер тилке берилген. 1925-жылдардан тартып тээке уруусунун тең жарымы Ош шаарынын айланасындагы айылдарга күч менен көчүрүлгөндүктөн, уруунун экинчи бөлүгү көчүрүлгөндөр деп аталган.

Бүгүнкү күндө Тээке айылында 110 түтүн үй болсо, анын баары тээке уруусунан. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү бүгүнкү күндө шаарга агылып, айылда кары-картаңдар калган.

Айылда бала бакча, электр жарыгы, жол маселеси, мазарларды тосуу жана жаштар үчүн спорттук аянтча куруу көйгөйлөрү бар.

Тээке айылында тарыхый буюмдар көп табылат. Карапа идиштер, кумуралар, темирдин түрлөрү, жыгачтан жасалган идиштер ар бир кожолукта бар. Жергиликтүүлөр эгерде айылга музей куруу демилгеси көтөрүлсө, буюмдарын музейге тапшырууга даяр экенин айтышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18181
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×