Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 17.06.2016 17:42

Ошто атасын 29 жолу бычактап өлтүргөн шектүүнүн сүрөтү

Turmush -  Ошто атасын 29 жолу бычактап өлтүргөн шектүү психикалык жактан жабыркап жүргөн.

Кечээ, 16-июнда саат 16:30 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында адам өлтүрүлгөнү тууралуу жергиликтүү жашоочулардан маалымат берилген.

Ворошилов көчөсүндөгү №2 үйгө барган тергөө тобу үй ээси — 1939-жылы туулган Жахар Уразалиевдин киши колдуу болуп өлгөн денесин табышкан. Анын денесинде 29 жолу сайылган бычактын издери болгон, деп билдирди ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Усон акун

Бул факты боюнча ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, шектүү жаран бүгүн, 17-июнда Ош шаарынан чыгып кетүү аракетин көрүп жаткан жеринен кармалды. Шектүү — маркумдун 1977-жылы туулган уулу Ш.У. болуп чыкты. Ал эч жерде иштебейт, үй-бүлөсү жок.

Ал алгачкы эле суракта өз атасын ачуусу менен өлтүрүп алгандыгын, денесине бир нече ирет бычак сайганын мойнуна алды. Ал эми, атасын бычактоого сыналгыга байланышкан талаш себеп болгонун айтты. Анын айтымында, атасы экөө эки башка каналдагы берүүлөрдү көрүүнү каалап, андан улам чыр чыккан.

Шектүү катары кармалган жарандын психикалык жактан жабыркагандыгын аныктаган документи бар болуп чыкты.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Шектүүгө тиешелүү экспертизалар дайындалды. Эгерде ал ооругандыгы аныкталса Майлуу-Сайдагы психикалык ооруканага жөнөтүлөт.

Б 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×