Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Элдик уламыш: Ушул кезге чейин расмий атка ээ боло элек Беш-Кепе аталган айыл (фото)

Turmush -  Ош шаарынан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан айылга бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө ысым ыйгарыла элек. 3 чакырым алыста жайгашкан Асан-Чек айылынын курамында деп айтылганы менен өзүнчө айыл болуп бөлүнүүнү каалаган жергиликтүү тургундар көп. Буга чейин аталган айыл эл оозунда «Беш-Кепе» деп гана аталып келген.

Маалыматтарга караганда, мындан бир топ жылдар мурун ээн жаткан талаада Ош шаарында жашаган эл дыйканчылык кылып баштаган. Жери дыйканчылыкка ылайыктуу келген айылга эч ким отурукташа элек мезгилде шаардын тургундары жашылча-жемиштердин түрүн өстүрүшкөн. Жумуш учурунда күндүн ысыгынан коргонуу үчүн дыйкандар камыштан кепе салышкан. Ары-бери өткөн жүргүнчүлөр дагы аптапта ал кепеге конуп, эс алып, жолун улап кетишкен.

Беш кепе1

Күздүн күнү жемишин жыйнаган дыйкандар жерин ээлеп калуу үчүн кепесин бузбай кетишкен. Бул көрүнүштөр көп жылдар бою кайталангандыктан жолоочулар «беш кепе турган жер», «беш кепеге эс алалы» , «беш кепеде жолугалы» деп жүрүп, ал жер Беш-Кепе аталган. Ал жердеги беш кепенин ээлери туруктуу дыйкан болгону айтылат.

Эл отурукташып, ал жер айыл болуп түптөлгөндө ал аймак жөн гана «Кепе» деп атала баштаган.

Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү өзбек улутунда болгондуктан кепе деген аталышты алар өз тилинде «Капа» деп атап алышкан. Көп убакыттар бою аталган айыл «капа» деп аталып келди.

«Айылдын башына аталышын орнотууда "Капа" деп жазылып калаарын айткан ошол мезгилдеги айыл өкмөт башчылар көпкө ойлонот. Бир нече жыл жөн гана 8-чакырым деп аталып жүрдүк», - дешет айыл тургундары.

Мады айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү генерал Ысакбек Монуевдин 110 жылдыгына карата айылга анын ысымын ыйгарууну өтүнүп, тиешелүү бийликке кат жолдошкон. Бирок айылдарга адамдардын ысымын ыйгарууга тыюу салынат деген жооп келген соң, Достук айылы деген аталышка токтолду.

Эл оозунда Достук деген аталыш 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин айтыла баштаганы менен расмий түрдө айылга ысым бериле элек.

Бүгүнкү күндө аталган аймакта 250 түтүн үй бар. Расмий түрдө өз алдынча айыл болбогондугу үчүн мектеп жок. Окуучулар 3 чакырым алыстыктагы Асан-Чек айылында жайгашкан мектепке жөө барып билим алышат.

Беш кепе2

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3869
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Элдик уламыштар
Көп окулду
×