Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Жаңы-Талаптын ээн жаткан талаасын эки уруунун эли айыл кылып түптөгөн

Turmush -  Кара-Кулжа районунун 500гө чукул түтүн жашаган Жаңы-Талап айылы мал чарбачылыкка ыңгайлуу айыл. Айылдын Жаңы-Талап деп аталып калышы тууралуу айыл тургуну Нурлан Байназар уулу айтып берди.

«Мурда бул жерде эки-үчтөн эле үй-бүлө жашаган экен. Убакыттын өтүшү менен бул жакка Кара-Кулжанын башка жерлеринде жашагандар көчүп келе башташкан. Ошентип элдин саны көбөйүп, ээн жерлер көрктүү айылга айлана баштаган.

Алгач бул жерлерге тасма жана булаш уруулары келип отурукташкан. Айылдын жогору жагында тасма, ылдый жагында булаш уруусундагы элдер ынтымактуу жашашкан.

11

Айылдагы аксакалдар айылдын аталышы тууралуу бири-бири менен кеңешип, ынтымакта, биргеликте жашайлы деген максатта эки элдин талабына тең карап, Жаңы-Талап деп атап коюшкан. Ошондон улам азыркы күнгө чейин Жаңы-Талап айылы деп аталып келет», - деди Нурлан.

Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундарынын басымдуусу мал чарбачылыгы менен алектенишет. Ошондой эле, айылдын аймагы дыйканчылыкка ылайыктуу.

13

14

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4208
Элдик уламыштар
Көп окулду
×