Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуАлай району 01.07.2016 11:59

Бүгүн Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 1-июлда саат 10:19да Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоо кыркасында, Алайдагы Бар-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка 10 чакырымда, Кара-Киндик айылынан түштүккө 30 чакырымда, Нура айылынан түштүк-батышка 48 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Бар-Дөбө айылында 3 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жер титирөө 6 баллга жетти

Кыргызстандын аймагында акыркы 3 күндүн ичинде 35-жолу жер титиреди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×