Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 01.07.2016 18:09

Оштогу кафеден 15 кг баңгизат сатууга аракеттенген чет элдик жаран кармалды

Turmush -  Кечээ, 30-июнда Ош шаарындагы «Нооруз» кафесинен баңгизат сатууга аракеттенген чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам убактылуу Бишкекте жашаган тажикстандык 1993-жылы туулган жигит болгон. Ал баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан топтун өкүлү экендиги аныкталды. Анын жанынан 14 кг 889 гр салмактагы гашиш табылды.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×