Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу, Ош 04.07.2016 13:25

Ош шаарында унаа уурдап качкан кыз кармалды

Turmush -  Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында токтоп турган «Хонда-Фит» унаасы 27-июнда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган.

Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну А.Б. (аял киши) кармалды.

Учурда шектүүнүн үстүнөн автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү кыз ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×