Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 04.07.2016 14:59

Ош шаарынын тургуну үйүндө жашыруун сактап жүргөн ири көлөмдөгү күкүрт кислотасы менен колго түштү

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Суроо-Таш айылындагы турак үйдөн жашыруун катылган күкүрт кислотасын табышты.

42 жаштагы жергиликтүү тургун жашаган үйдөгү сарайда атайын жасалган жашыруун жайга бекитилген 6 даана желим идиштеги күкүрт кислотасынын салмагы 145 кг 400 грамм болду.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул эле кылмышты ачуунун алкагында Курманжан датка көчөсүндө аталган жарандын унаасы токтотулуп, 39 кг 640 грамм салмактагы күкүрт кислотасы алынды.

Учурда Ош ШИИБдин тергөөчүлөрү ири суммадагы кислотаны эмне максатта бекитип жүргөнүн, кимден алганын, кайда жөнөтүшү мүмкүн экендигин иликтеп жатат.

Аталган кислота Ооганстанда баңгизаттарды дардоодо колдонула турганы белгилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×